Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандын экс-министри аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды (видео)

31 жаштагы аял Астанадагы ресторандардын биринде ур-токмокко кабылып, көз жумган

Астанада Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев жубайын сабап өлтүрүүгө шектелип кармалганын жергиилктүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Бишимбаев Астанадагы ресторандардын биринде мас абалында аялын ур-токмокко алып, аял тез жардам келгенге чейин көз жумган.


Ал ортодо Казакстандын ИИМи ресторанда мушташ болуп, андан аял каза тапканын тастыктап, ал эми башка маалыматтарды берүүдөн баш тартканы айтылды.

- Шаардагы ресторандардын биринде кардарлар ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен аял көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн. Шектүү кармалып, тиешелүү экспертизалар дайындалды, – деген ИИМ.

Куандык Бишимбаев 43 жашта экени белгилүү. Ал 2018-жылы жемкорлукка айыпталып 10 жылга соттолгон, бирок бир жылдан кийин шарттуу түрдө абактан чыккан.
Маркум Салтанат Нукенова Павлодар шаарында 1992-жылы туулган. Анын астрология менен алектенгени белгилүү. Куандык Бишимбаевге 2022-жылы күзүндө турмушка чыгып, бирок кийинчерээк ажырашып кетишкенин жакындары айтып беришкен.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх