Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Лебединовка айылында жайгашкан кафеден өрт чыкты

Тамактануучу жайдын 200 чарчы метр чатыры менен шыбы күйүп кеткен

Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жерине бир күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
- Тилсиз жоо саат 13:48де толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок, - деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоонун кесепетинен тамактануучу жайдын 200 чарчы метр чатыры менен шыбы күйүп кеткен.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх