755 жолу жол эрежелерин бузуп, айып пул төлөбөй жүргөн такси айдоочусу кармалды (видео)
Унаа айып короого токтотулду
Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери Chevrolet унаасы менен 755 жолу жол эрежелерин бузуп, айып пул төлөбөй жүргөн такси айдоочусун кармашты. Чүй облусунун ОИББнын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 30-майынан 20-ноябрына чейин Chevrolet үлгүсүндөгү унаа 755 жолу жол эрежелерин бузуп “Коопсуз шаардын” камераларына түшүп калган.
Айып пул айдоочу бир дагы жолу төлөгөн эмес.
Ал Бишкек-Кордай жолунда кармалып, унаа айып короого токтотулду.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз