Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алматыда 14 жаштагы кыз милициянын эки капитаны тарабынан зордукталганы аныкталды

Маалыматты Казакстандын Ички иштер министрлигинин башчысы тастыктады

Алматыда эки милиция кызматкери 14 жаштагы кызды зордуктап салган. Маалыматты журналисттерге коңшу өлкөнүн ички иштер министри Ержан Саденов тастыктады.

Андан милициянын эки капитаны 14 жаштагы кызды зордуктаган деген маалыматтын чын-төгүнүн сурашкан.
«Тилекке каршы, бул факты чын эле орун алды. Тез арада дисциплинардык комиссия түзүлүп, ал адамдар мкызматынан бошотулуп, кылмыш ишинин алкагында камакка алынды», - деп жооп берген Ержан Саденов.

Ал ошондой эле кылмыш учурунда кармалгандар укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгонун тастыктады.
Саденов бул иш боюнча тергөө иштери уланып жатканын кошумчалаган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх