Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: "Аю" каймана аттуу УКТ мүчөсү кылмыштуу топторго аралашуудан баш тартты (видео)

Атайын кызмат жарандарды уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары жөнүндө ишеним телефонуна билдирүүгө чакырат

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Аю" каймана аты бар Ж.А.Жга карата алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМК жана Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан У.Токтосуновдун (кылмыш чөйрөсүндө "Сакал" деген каймана ат менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Ж.А.Ж.га карата профилактикалык иштер жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ал кылмыштуу топторго аралашуудан, ошондой эле уурулар идеясынан жана кылмыштуу түшүнүктөрдөн баш тартты.

Ошону менен бирге ал мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана жакшы жаран катары жашоого милдеттендирээрин ишендирди.
УКМК жарандарды Кыргызстандын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары жөнүндө ишеним телефонуна 0312 66 04 75 билдирүүгө чакырат.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх