Ысык-Ата районунда 17 жаштагы жигит атка сүйрөлүп каза тапты
Жабырлануучуга тез жардам чакырылып, бирок дарыгерлер өспүрүмдү сактап кала алышкан эмес
Ысык-Ата районунда 17 жаштагы жигит атка сүйрөлүп каза тапты. Бул тууралуу Чүй облусунун ОИББ билдирди.
"11-класстын окуучусу Х.Д. жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Кырсык Бирдик айылында орун алган. Мал жайып жүргөн өспүрүм 16:30 чамаларында аттан кулап, жаныбар баланы сүйрөп кеткен. Тез жардам дарыгерлери өспүрүмдү сактап кала алышкан эмес, - деп айтылат маалыматта.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз