Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Журналисттер Тыныстан Асыпбек уулу менен Актилек Капаров Ички иштер министрлигине жеткирилди - видео

Темиров Live басылмасынын мурдагы кызматкери Зоодар Бузумов да кармалганы белгилүу болду

“ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбек уулу менен “Алга медианын” кызматкери Актилек Капаровду Ички иштер министрлигине суракка алып келишти.

Ошондой эле, иликтөөчү журналист Болот Темиров Temirov Live басылмасынын дагы бир мурдагы кызматкери Зоодар Бузумовдун кармалганын билдирди.
Ал эми күч кызматкерлери Темиров Live редакциясына тинтүү менен келишкен.


Буга чейин Болот Темиров Ички иштер министрлиги 278-берененин 3-бөлүмү “Массалык баш аламандыкка чакыруу” боюнча иш козгогонун билдирген.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен беш журналисттин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 8ге жакын журналист күч органдары тарабынан Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх