Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык соту 3 адамдын мыкаачылык менен өлтүргөн Чынтемир Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкеринин өкүмүн күчүндө калтырды

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, биринчи инстанциянын өкүмү өзгөртүүсүз, апелляциялык арыз канааттандыруусуз калтырылды.
Буга чейин А.Ч.К. Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 2023-жылдын февралында үч адамды өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган.

Эске салсак, 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 50 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана 8 жаштагы уулу батирде киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

Адам өлтүрүүгө шектелип 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалды. Ал кол күрөш боюнча эл аралык спорт чебери, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгондугу белгилүү болгон. Ошондой эле, ал УКМКнын 9-кызматында 15 жыл иштегени маалым.
3-ноябрда борбор калаанын Октябрь райондук соту Чынтемир Ашыралиевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх