УКМК: Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Кыргызстандын жараны кармалды
Кармалган жаран ошондой эле алдамчылыкка дагы шектелүүдө
Үй-бүлөлүк зомбулук жана алдамчылык боюнча Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Малыматка ылайык, атайын кызматтын дарегине күйөөсү тарабынан ур-токмокко кабылган жаран кайрылган. Ал учурда Бишкектеги медициналык мекемелердин биринде дарыланууда жана үй-бүлөлүк психологдун кеп-кеңешин алып жаткандыгын айтылган.
Тергөөдө Р.У.Н. үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам жубайынын ден соолугуна ар дайым залал келтирип, физикалык зыян келтирүү менен коркутуп, аялына моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп, ошондой эле анын туугандарынын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 30 миң АКШ долларын алып, көпкө чейин кайтарып бербей келгени аныкталды.
![]()
Ошол эле учурда аялы алган акча каражаттарды кайтарып берүүнү суранганда Р.У.Н. системалуу түрдө ур-токмокко алып, денесине залал келтирип турган. Ден соолукка зыян келтирүү жана алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда Р.У.Н. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, системалуу түрдө ур-токмокко алуу фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды, керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилип, тиешелүү чаралар көрүлөт.
КР УКМК үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына жол берилбестигин, аныкталган учурда Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөрүн эскертип, мындай фактылар катталган учурда дароо билдирүүнү өтүнөт.
Фото www