Чүй облусунун тургуну өз апасын өлгүчө сабап салган
Зөөкүр милицияга өзү чалып, энесинин жүрөгү токтоп каза болгонун билдирген
Москва районунда апасын өлтүрүүгө шектелип 47 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 15-январда милицияга С.А чалып, 72 жаштагы апасынын жүрөгү токтоп каза болгонун билдирген.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. С.Т.нын сөөгүн кароо учурунда. көптөгөн жаракаттар табылган.
Милиция адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, С.А. мас абалында апасын сабап өлтүргөн. Шектүү тергөөчүлөргө апасынын денесиндеги жаракаттар жыгылып кеткендигин айткан.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Фото www