Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

11 журналист 48 саатка камакка алынды

Алардын бардыгына массалык баш аламандыкка чакыруу жана бийликке баш ийбөө беренелери боюнча айып тагылды

“Айт Айт десе” жана Темиров Live басылмаларынын 11 кызматкери 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.
Кармалгандардын арасында: Махабат Тажибек кызы («Темиров Live» медиасынын директору), Сапар Акунбеков («Айт Айт Десе»), Азамат Ишенбеков («Айт Айт Десе» акыны), Сайпидин Султаналиев («Арча Медиа»), Актилек Капаров («Алга Медиа") , Тыныстан Асыпбеков («ПолитКлиника»), Максат Тажибек уулу (Темиров Live), Жодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков.

Алар КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу” боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Кечээ, 16-январда эртең менен Темиров Live компаниясынын бир катар учурдагы жана мурдагы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, күч органдары айрым журналисттерди ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып кетишкен.
Ички иштер министрлиги массалык баш аламандыкка чакырган маалыматтар “Айт Айт Десе” жана Темиров Live басылмасынын беттериндеги басылмалардан табылганын билдирди. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх