Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бообек Ажикеев Аламүдүн капчыгайында жоголгон жаранды издөө иштерин көзөмөлдөдү

1996-жылы туулган жаш жигит 14-январдан бери дайынсыз

Кечээ, 17-январь күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Аламүдүн капчыгайындагы дайынсыз жоголгон жаранды издөө ишинин жүрүшүнөн жеринен кабар алды.
Министр куткаруучуларды издөөдө конкреттүү пландын негизинде иш алып барып, керектүү издөө каражаттарды жана техникаларды тартуу зарылдыгын эскертти. Ал ошондой эле 17-январь күнү улана турчу издөө ишине куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койду.

Мындан сырткары, куткаруучуларды тамак-аш менен камсыздап, ден-соолугунун абалын да көзөмөлгө алуу керектигин айтты.
Белгилей кетсек, 14-январда Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.М.уулу дайынсыз жоголгон. Аны издөөгө ӨКМдин 64 куткаруучусу, кинолог, техникалар жана 5 дрон тартылган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх