Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коргоо министрлиги: Тик учак кырсыгынан каза болгон офицердин жакындарына жардам көрсөтүлөт

Мекеме маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты

Бишкекте тик учак кырсыгынан каза болгон офицердин жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүлөрүн КР Коргоо министрлиги билдирди.
«КР Коргоо министрлигинин жетекчилиги каза болгон офицердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең көңүл айтат, ошондой эле анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүлөрүн билдирет», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ооруканада жаракат алган аскер кызматкерлери бардык керектүү дары-дармектер менен камсыздалганын ведомстводон кошумчалашты.

Эске салсак, 18-январда Куралдуу күчтөрдүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн 23565-аскер бөлүгүнүн аймагында Ми-8МТВ тик учагы окуу учуу учурунда кулап түшкөн.
Натыйжада тик учактын экипажынын командири каза болуп, дагы 10 аскер кызматкери жаракат алып, ооруканада жатат.

Тик учактын кыйрашына байланыштуу ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Куралдуу күчтөрдүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн бир катар жооптуу кызматкерлери ээлеген кызматтарынан убактылуу бошотулду.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх