Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштогу бала бакчалардын биринде балдарга зыяратчылардын кийимин кийгизип, диний сабактардын өтүлгөнү аныкталды

Бакчанын директору текшерүүгө келген милиционерге пара берүүгө аракет кылган

Ошто бала бакчанын директору милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жеринен кармалганын шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда «ББ» бала бакчасында ажылык кийимдерин кийген балдарга диний сабактар өтүлүп жаткандыгы тууралуу видео тараган. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлдү.
19-январь күнү текшерүү учурунда мекеменин директору 1970-жылы туулган Х.В., милиция кызматкерлерине текшерүүнү токтотуу үчүн пара сунуштаган.

Ал 20 миң сомун ыкчам милиция кызматкерине берип жаткан жеринен кармалган.

- Аталган бала бакчанын директоруна КР Кылмыш-жаза кодексинин 354-беренеси боюнча иш козголду, - деп айтылат маалыматта.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх