Аскер бөлүгүнүн үч командири солдаттарды сабаганы үчүн кармалды
Бул факты боюнча “Уруп-сабоо жана кыйноо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду
КР Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнүн үч командири солдаттарды сабаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Аталган башкармалыктан билдиришкендей, бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Уруп-сабоо жана кыйноо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштерин Аскердик прокуратура жүргүзүүдө.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка жооптуу адамдар такталууда.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз