Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук госпиталдын дарыгеринин сабалышы. Кол салган аял дарыгер андан акча талап кылганын айтып чыкты

Ал милицияга арыз жазган

Улуттук госпиталдын дарыгерине кол салган аял медик андан акча талап кылып жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Милициянын маалыматына караганда, 30-декабрда Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн Т.Ж. аттуу дарыгери сабалганы тууралуу маалымат түшкөн. Жабыркаган дарыгер милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча 136-берененин (Ден соолукка жеңил залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, бул "ден соолукка анча чоң эмес зыян келтирип, кыска мөөнөттүү оор абалга алып келген".

Ал эми 28-январда РИИБдин Тергөө кызматына А.В. кайрылып, Улуттук госпиталдын дарыгери Т.Ж. андан 100 миң сом талап кылканын билдирген.

Тергөө эки факты боюнча иш алып барууда, деп кошумчалады ШИИБ.
Эскерте кетсек, 28-январда социалдык тармактарда Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн дарыгерин бейтаптын тууганы сабап салган видео тараган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх