Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айланма жолдо дагы бир үрөй учурган жол кырсыгы катталды

Кырсыктык кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза болду

Бишкектин четиндеги айланма жолдо кырсык катталып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-январда кечки саат 19:25тер чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда 1995-жылы туулган Ж.А.Ж. аттуу айдоочу «Тойта-Приус» унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып рулга ээ боло албай батыштан чыгышты көздөй келе жаткан оор жүк ташуучу «Ситрак» унаасын сүзгөн. Анын айдоочусу Кытай жараны 1982-жылы туулган А.Л. болгон.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу 29 жаштагы Ж.А. окуя болгон жерде каза болуп, анын эки жүргүнчусү ар кандай жараат менен Кант шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх