Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чилидеги токой өртүнүн айынан 100дөн ашык адам каза болду - фото

Өлкөдө эки күндүк аза күтүү жарыяланды

Чилинин Вальпараисо аймагындагы токой өртүнүн айынан каза болгондордун саны 112ге жетти.Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын айтымында, жүздөгөн адамдар дагы эле дайынсыз болууда. Өрт кеминде 1600 турак жайды кыйраткан.

Чилинин президенти Габриэль Борич эки күндүк аза күтүү жарыялады. Буга чейин ал өзгөчө кырдаал киргизилгенин билдирген.

Тоолордо башталган өрт жээктеги райондорго жайылып, Вина-дель-Мар жана Вальпараисо сыяктуу ири шаарларына жеткен.

Чили өлкөсүнүн бийлиги бул өлкөнүн тарыхындагы эң көп адам өмүрүн алган өрт экенин айтышууда.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх