Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги төрөт үйүндө жаш келин каза болду

Ага кечээ кесарево операциясы жасалган

Борбор калаанын төрөт үйүлөрүнүн биринде жаш келин көз жумду.
Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады. Алардын айтымында, маркум аял кечээ оор абалда ооруканага түшкөн.

«Ал преэклампсиянын оор түрү менен ооруган. Көрсөтмө боюнча, аял операцияга алынып келинген, бүгүн эртең менен каза болду. Бала 41 жумасында төрөлүп, бирок жатын ичиндеги өсүүсү артта калган. Ымыркай оор абалда реанимацияда жатат», - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Бул маркумдун аялдын үчүнчү төрөтү жана анын артында дагы эки баласы калганы айтылууда.

«Маркумдун туугандары экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат», - деп кошумчалашты ведомстводон.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх