Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Новопавловкадагы эс алуу жайына жакын аймакта адам тонолду

Каракчылар физикалык күч колдонуу менен коркутуп, жабырлануучунун уюлдук телефонун жана 53 миң сомун тартып алышкан

Сокулук районунда каракчылыкка шектелген жаран кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 25-январда милицияга жабырлануучу өз арызы менен кайрылып, саат 23:30дар чамасында «Бай-Төр» эс алуу борборунун жанынан белгисиз эки адам тоноп кеткенин билдирген. Алар анын денесине залал келтирем деп коркутуп, жабырлануучунун уюлдук телефонун жана 53 000 сомун алып кетишкен.

Кылмыш-жаза кодексинин 206 беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган О.К. аттуу жаран кармалып, экинчи шектүү изделүүдө. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх