Президенттик аппараттын жетекчиси Олжас Бектенов Казакстандын жаңы премьер-министри болуп дайындалды
Бул жарлыкка Касым-Жомарт Токаев кол койду
Президенттик аппараттын жетекчиси Олжас Бектенов Казакстандын жаңы премьер-министри болду. Тиешелүү жарлыкка Касым-Жомарт Токаев кол койду.
Жарлык Акорданын сайтында жарыяланган.
Премьер-министрликке 43 жаштагы Олжас Бектеновдун талапкерлигин бийликтеги «Аманат» партиясы президентке сунуштаган. 2023-жылдын апрелинен бери Олжас Бектенов президенттик аппаратты жетектеп, ага чейин Юстиция министрлигинде иштеп, коррупцияга каршы күрөш бөлүмүн жетектеп келген.
Эске сала кетсек, 5-февралда Казакстандын өкмөтү толугу менен отставкага кеткен.
Фото WWW
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз