Караколдо лыжа жабдууларын ижарага берүүчү жайда өрт чыкты - фото
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда
Караколдо бүгүн лыжа жабдууларын ижарага берүүчү жайдан өрт чыкты.
ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, өрт тууралуу маалымат саат 12:12де түшкөн. Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүү бригадасы жөнөтүлгөн.
Өрт саат 12.35те локализацияланып, саат 13.03тө толугу менен өчүрүлгөн.
Жабыркагандар жок, өрттүн себеби такталууда.
Фото WWW
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз