Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында кызганычтын айынан 17 жаштагы кыз 16 жаштагы бейбаштар тарабынан ур-токмокко алынган

Алар бул учурду телефонуна тартып алышкан

Ошто 17 жаштагы кызды жигитке кызганып, аны үч кыз биригип ур-токмокко алган. Окуянын чоо-жайын шаардык ички иштер бөлүмү билдирилди.

Милициянын маалыматына караганда, 15-январь күнү саат 16:00дөр чамасында Ош шаарынын 17 жаштагы тургунунун үйүнө 16 жаштагы үч кыз келип, аны сыртка чыгарышкан. Алар жашы жете элек кызды чет жакка алып барып, ал жерден Т.Д: «Сен эмне үчүн менин жигитим менен сүйлөшүп жатасың?! Аны менен мындан ары байланышпа!”-деп айткан. Андан соң үчөө кызды сабап, iPhone 8 үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан.

Ур-токмокко алган учурду бейбаштар телефонго тартып алган.


Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Адамдардын тобу менен тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда үчөөнүн тең өздүгү такталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар:

- 2008-жылы туулган Д.Т., Ош шаарындагы педагогикалык окуу жайдын 1-курсунун студенти;
- 2008-жылы туулган У.Ы., мурда соттолгон;
- 2008-жылы туулган А.Г., Ош шаарындагы кесиптик лицейдин 1-курсунун студенти.

Башкы шектүү катары Д.Т. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх