Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенттигине жалгыз талапкер

Ташиевдин талапкерлигин “Талант” футболдук клубу көрсөткөн

Камчыбек Ташиев Кыргызстандын футбол союзунун президенттигине жалгыз талапкер болду.

КФСнын басма сөз кызматы билдиргендей, бир күн мурун Шайлоо комитетинин жыйыны болуп, анда КФСтин президенти, биринчи вице-президенти, вице-президенти жана аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө болгон шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди.


Талапкерлерлик үчүн арыздар 5-февралга чейин кабыл алынган.. Ар бир бош кызмат ордуна КФСтин бир мүчөсүнөн бирден ашык талапкер көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.

Кыргыз футбол союзунун президенттигине бир гана талапкер – Камчыбек Ташиев сунушталды. Талапкерди «Талант» футболдук клубу сунуштаган.


19-февраль күнү "Novotel" отелинин жыйындар залында КФСтин 2024-жылкы кезексиз конгресси орун алып, анын жүрүшүндө жетекчиликтин жаңы курамы шайланат.


Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Кыргызстандын футбол союзун жетектөөнү сунуштаганын билдирген.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх