Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарында 17 жаштагы өспүрүмдөр уурулукка шектелүүдө

Каракчылык түнкү саат үчтөр чамасында болгон

Бишкекте тоноочулукка шектелип 17 жаштагы өспүрүмдөр кармалды.

Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 25-январда милицияга жаш кыз кайрылып, 22-январь күнү түнкү саат үчтөр чамасында, Шевченко көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жанынан уурулар белгисиз курч нерсе менен коркутуп, 100 доллар жана 1000 сом көлөмүндөгү акчасын алышып, андан сырткары Мбанк аркылуу 1800 сом которууга мажбурлашканын билдирген. Андан соң алар белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүүлөрдү аныкталып, алар 17 жаштагы Т.А жана К.А болуп чыкты. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх