Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак-Сууда 18 жаштагы бейтаптын өлүмү боюнча үч дарыгер кармалды

Дарыгерлер аны ооруканага жаткырбай, дары жазып берүү менен гана чектелген. Бир айдан соң бейтап көз жумган

Ак-Суу районунда 18 жаштагы бейтаптын өлүмүнө байланыштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун үч дарыгери кармалды.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 2023-жылдын июль айында милиция кызматкерлерине Теплоключенка айылынын тургуну кайрылып, Ак-Суу районунун үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлерине чара көрүүнү суранган. Ал 25-июль күнү 18 жаштагы кызынын ичи катуу ооругандыгына байланыштуу райондук ооруканага алып келгенин, бирок дарыгерлер аны ооруканага жаткырбай, дары жазып берүү менен гана чектелгенин билдирген. Бир айдан соң кыз көз жумган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 25-июль күнү аталган ооруканага ичи катуу ооруп, жана кусуп жаткандыгына байланыштуу 18 жаштагы кыз кайрылганы белгилүү болгон. Педиатр Т.К., аны менен маектешүү учурунда, бейтап бир күн мурун конокко барганын жана ал жактан ачуу салат жегенине маалым болгон. Үйгө келгенде кыз өзүн жаман сезип, кусуп, ич өткөк менен ооруган. Дарыгер ага дары жазып берип, үйүнө жөнөткөн. Эртеси күнү оору басылбагандыктан, бейтап кайра ооруканага келип, нөөмөттөгү дарыгер анестезиолог-реаниматолог О.М.нын кароосунан өтүп, дарыгер ага дары-дармек жазып, кайра үйүнө жөнөткөн. 28-июль күнү оору басылбагандыктан кыз дагы бир ирет ооруканага кайрылып, аны жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ординатор врачы Э.Г текшерип, бейтапты ооруканага жаткырган.

«29-июль күнү кыздын оорусу күчөп, эсин жоготуп, бейтап Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө которулган. 31-июлда Бишкекке Улуттук госпиталга которулуп, 5-сентябрда каза болгон. Соттук-медициналык экспертиза өлүм тамак-аштан ууланганынын негизинде келгенин аныктаган. Комплекстүү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин Ак-Суу районунун үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун педиатры Т.К., анестезиолог-реаниматолог О.М. жана врач-ординатор Е.Г. кармалган. Сот аларды үй камагына чыгарды», - деп билдирди ОИИБ.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх