Бишкектиктердин коопсуздугуна коркунуч туудурган мейманкана курууга бийлик расмий уруксат берген
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык жасалмачылык боюнча кылмыш иши козголду
Тургундардын коопсуздугуна коркунуч келтирген объектти курууга уруксат берген аткаминерлерге кылмыш иши козголду, деп билдирди КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы.
Контролдоо бөлүмүндө билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө «Бишкек Главархитектура» Муниципалдык ишканасынын, Мамлекеттик экспертиза департаментинин жана башка көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, курулуш тармагындагы жеке адамдарга артыкчылыктарды берүү максатында, шаар куруу документтерине атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен Ленин районунун аймагында кызматтык жайлары бар 10 кабаттуу мейманкана комплексин курууга уруксат берген.
«Натыйжада имараттардын жыштыгынын стандарттык деңгээли, жашоо чөйрөсүнүн сапаты, инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктуранын кызыкчылыктары камсыз кылынбай, өрт коопсуздугунун минималдуу талаптары сакталбай, жанаша жайгашкан турак жайлардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирилген», - деп айтылат билдирүүдө.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштерин Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгы жүргүзөт.