Хоккей боюнча дүйнөнүн чемпионаты. Кыргызстандын командасы Люксембургдун командасын жеңип алды
Беттеш 7:3 эсеби менен аяктады
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Люксембургдун командасын 7:3 эсебинде жеңип алды.
Бир күн мурун үчүнчү дивизиондун «А» тайпасынын командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын экинчи айлампасы болуп өттү.
Экинчи турдагы беттештердин жыйынтыгы:
- Түркмөнстан - Түштүк Африка - 4:3 (2:1, 1:1, 1:1);
- Мексика - Таиланд - 0:5 (0:2, 0:1, 0:2);
- Люксембург - Кыргызстан - 3:7 (0:3, 1:2, 2:2).
Эртең чемпионаттын 3-тур оюндары орун алып, анда Кыргызстандын курама командасы Түркмөнстандын курама командасы менен беттешет. Ачылыш оюнунда Ата мекендик команда Таиландга утулуп калган (4:9).
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз