Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алдамчылар Бишкектен унааларды ижарага алып, чет өлкөгө кайра сатышкан

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү кеминде 10 унааны ээлеп алышкан

Бишкекте унааларды ижарага алып, чет өлкөгө кайра саткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, алар борбор калаанын аймагынан ээлери сүйлөшүп алып, узак мөөнөткө ижарага берген автоунааларды таап, андан соң мамлекеттик номурларын алмаштырып, андан ары кайра сатуу үчүн жасалма документтерди жасашкан же мыйзамсыз түрдө «Чалдовар» өткөрмө пункту аркылуу коңшу өлкөгө ташышкан. Кылмышкерлер сатуудан түшкөн акчаны өз ара бөлүштүрүп алышкан.
Кылмыштуу топтун курамында Кыргызстандын жарандары И.В., М.Р., З.А., Ж.А., ошондой эле чет мамлекеттин жараны Ж. болгон.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 2001-жылы туулган З.А., 1984-жылы туулган Ж.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Кылмыштуу топтун мүчөлөрү Бишкек шаарынан 10 унааны ээлеп алганы аныкталып, алардын негизги бөлүгү мыйзамдуу ээлерине кайтарылган.
Маалым болгондой, аталган топтун дагы бир мүчөсү, мурда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1981-жылы туулган И.В., Орусияда кармалып, учурда Кыргызстанга өткөрүлүп берилүүдө.
Окуяга тиешеси бар башка адамдардын жүргөн жери такталууда. Учурда тергөө иштери уланууда.
Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх