Кыргызстандыктарга электр жарыгын өчүрүлүшү боюнча кайрадан эскертүү берилди
Жарандарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырышат
Кыргызстандын улуттук электр тармагы жарандарга электр энергиясынын өчүрүлүшү боюнча дагы бир жолу эскертти.
Мекемеден билдиришкендей, республика боюнча жарыяланган катуу шамалга жана күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу энергетиктер энергетикалык объектилердин иштөөсүнө көзөмөлдү күчөтүүдө.
«Өзгөчө кырдаалдарда тез арада оңдоо схемасын иштеп чыгуу менен авариялык оңдоо запасы түзүлдү. Оңдоочу бригадалар, транспорт жана атайын техника күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Оперативдик абал тынымсыз көзөмөлдөнүп турат. Тиешелүү кызматтардын күнү-түнү нөөмөт графиги бекитилди», - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле энергия менен камсыздоо маселелери боюнча бирдиктүү энергетикалык маалымат-сурамжылоо байланыш борбору күчөтүлгөн. Чалуу-борбор суткасына 24 саат, жумасына 7 күн төмөнкү телефондор боюнча иштейт: 105, 1209, +996 772 001209, +996 702 001 209, +996 556 001 209 (WhatsApp).
Сүрөт: www