Бишкектин тургуну 8-март күнү Ботаникалык бакта асынып өлүүгө аракет кылган
Аны милиция кызматкерлери куткарып калышкан
Бишкекте Патрулдук кызматтын полкунун милиционерлери өз жанын кыюу аракетинин алдын алышты. Борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 8-март күнү кечки саат алтылар чамасында милиция кызматкерлери Э.З.
Гареев атындагы бактан бир адамды табышкан. Алар жакындаганда дарактан зым илмекти көрүп, ал киши өз жанын кыйганы жатканын түшүнүшкөн. Укук коргоо кызматкерлери аны менен сүйлөшүүгө түшүп, өзүн-өзү өлтүрүүдөн кайтарышкан. Ж.Э. аттуу 27 жаштагы жаранды жерге түшүрүшүп, бардык жагдайларды тактоо үчүн милиция бөлүмүнө алып барышкан.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз