Тамга айыл өкмөтүнүн адиси жергиликтүү тургундардан акча талап кылып жүргөн
Ал мурда алган парасын кайтарып берип жаткан жеринен кармалган
Тамга айыл өкмөтүнүн адиси пара талап кылып жаткан жеринен кармалды.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ал өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, көл жээгинде жайгашкан жер тилкелерин ижарага берүү үчүн жергиликтүү тургундардан акча талап кылган.
Пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Айыл өкмөттүн кызматкери мурда алган парасын кайтарып берип жаткан жеринен кармалды.
«Алдын ала маалыматтар боюнча, мыйзам бузуунун башка фактылары бар, ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», - деп кошумчалады ИИМ.
Сүрөт Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз