Күндүз эле Ош базарында аялды тоноп кетишти
Уюшкан кылмыштуу топтун бир нече жолу соттолгон мүчөсү кармалды
Бишкекте Ош базарында аялды тоноп кетишти. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, окуя 10-март күнү саат 17:30дар чамасында болгон. Анда белгисиз бирөө аялга кол салып, 16 миң сомдук Redmi Note 12 телефонун тартып алган.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал мурда ар кандай оордуктагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары КР ИИМдин каттоосунда турган 1994-жылы туулган А.А.
Ошондой эле анын «чөнтөкчү» катары каттоодо турганы аныкталган. Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экени аныкталды.
Милиция жабырлануучуларды 0(554) 11-03-14, 0(700) 61-11-19, 0(0556) 36-30-00 же 102 телефондоруна билдирүүнү өтүнөт.
Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы