Ошто УКМК издөөдө жүргөн Өзбекстандын жаранын кармады
Ал Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө кол салганы үчүн издөөдө жүргөн
Ош облусунда диний-экстремисттик иш-аракеттерге катышкандыгы үчүн Өзбекстан Республикасынын аймагында издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны К.Ш.Т. кармалганын УКМК билдирди.
«Өзбекстандын аймагында диний-экстремисттик ишмердүүлүккө аралашкандыгы, ошондой эле республиканын конституциялык түзүлүшүнө кол салганы үчүн издөөдө жүргөн Анжиян облусунун 1973-жылы туулган Өзбекстан Республикасынын жараны К.Ш.Т. кармалды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда кармалган адам 5-СИЗОго киргизилди.
Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз