Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Видео - 19 жаштагы «закладчик» баңгизаттарды Бишкектин сейил багындагы дарактарга скотч менен чаптаган

Андан 37 боо психотроптук баңги заты табылган

Бишкекте милиция кызматкерлери дагы бир «закладчикти» кармашты.

Борбор калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, тартип сакчылары жөө кайтаруу учурунда сейил бактагы бактарга бир нерсе чаптап жаткан жигитти байкап калышкан. Көрсө, булар баңгизаттардын катылган жайлары экен.

А.Б. аттуу 19 жаштагы скотч менен оролгон, психотроптук заттар салынган 37 пакетти өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине өткөрүп берди. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 56 граммды түздү.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

А.Б. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.


Фото: Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх