Бүгүн Кыргызстандын түштүгүндө эки жер титирөө катталды
Жер титирөө Араван районунда сезилди
Бүгүн Кыргызстандын түштүгүндө эки жер титирөө катталды.
КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн саат 10.25те кыргыз-тажик чек арасында күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды. Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасында саат 10.49да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Кыргыз-өзбек чек арасында болгон жер титирөөнүн күчү Ош облусунун Араван районунун Мангыт, Кочубаев жана Кызыл-Коргон айылдарында 2,5 баллга жеткен. Очогу Өзбекстандын аймагында болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, курмандыктар жана кыйроолор катталган жок.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз