Кулактандыруу! Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал тууралуу эскертүү таратты
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал болушу күтүлөт
Жакынкы сааттарда жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болорун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме жарандарды унааларын бак-дарактарга жана жеңил объектилердин жанына токтотпоого, электр зымдары бар жерлерге жакындабоого жана көрнөк-жарнактардын жанында турбоого чакырды.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз