Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Видео - Люксембург айылында айдоочу мектептин жанынан балдарды сүзүп качып кетти

Мектеп окуучулары жолду жөө адамдар өтүүчү жерден өтүп келе жатышкан

Ысык-Ата районунун Люксембург айылында айдоочу мектеп окуучуларын сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, кырсык 13-март күнү саат 15.04 чамасында болгон. Айдоочу Ваккер атындагы мектептин жанындагы жөө адамдар өтүүчү жерден жолдон өтүп бара жаткан 4-класстын окуучуларын сүзүп, андан соң окуя болгон жерден качып кеткен.

24 жаштагы М.у.А. 14-мартта, кармалып, Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилди. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа убактылуу кармоочу жайга жөнөтүлдү. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх