Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин тургуну тонировкага уруксат үчүн 25 миң төлөп, алданып калган

20 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, 6-март күнү борбор калаанын тургуну милицияга кайрылып, 11-январь күнү белгилүү Б.У. «Тойота Камри 70» үлгүсүндөгү унаасын тонировкалоого уруксат кагаздарын алууга жардам берүүнү убада кылып, ал үчүн 25 миң сом алып кеткен. Бирок убадасын аткарбай, качып кеткен.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Шек менен 20 жаштагы Б.У кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Милиция башка жабырлануучуларды 0706-93-96-96, 0558-88-99-95 же 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх