Кара-Сууда 18 жаштагы кыз инисин өлтүргөн деп шектелүүдө
Мектеп окуучусу мойнуна бычак сайылып каза болду
Кара-Суу районунда 10 жаштагы бала бычактан алган жаракатынан улам каза болду.
Облустук милициянын маалыматына караганда, кырсык 25-мартта болгон. 18 жаштагы кыз инисинин мойнуна бычак сайгандыгы аныкталган.
Бул фактынын негизинде 1-берене менен кылмыш иши козголгон. КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Кылмышка шектүү А.А.га карата тергөө амалдары башталып, андан соң сот анын баш коргоо чарасын аныктайт, деп белгиледи ИИМ.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз