Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Крокустагы теракттан кийин дайынсыз жоголгон кыргызстандык эки кыз каза болгондордун тизмесине кошулду

Кыздар ошол күнү Крокус Сити Холл имаратында иштеп жатышкан

Крокус Сити Холлдогу теракттан кийин дайынсыз жоголгон эки кыргызстандык кыз каза болду. Алардын аты-жөнү такталган набыт болгондордун жаңыланган тизмесинде пайда болду.

Буга чейин каргаша болгон күнү 24 жаштагы Жусупова Эдита менен 20 жаштагы Гүлжигит кызы Майза Крокус Сити Холл кафесинде иштеп жатышканы белгилүү болгон. Теракт болгон күндөн бери кыздар менен байланыш болгон эмес. Туугандары жана элчилик кызматкерлери ушул убакытка дейри аларды каза болгондордун арасынан издеп, алардын тирүү экенине үмүттөнүшкөн.

Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Эске сала кетсек, 22-март күнү кечинде Москва районундагы Крокус Сити Холл концерттик залында террористтер атыш башташкан. Бул убакта ал жерден «Пикник» тобунун концерти башталышы керек эле. Кол салгандар адамдардын сыртка чыгышына жол бербөө үчүн адамдарды автоматтар менен атып, чыгуучу жерлерди өрттөшкөн.

Теракттын кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 139 адам, анын ичинде үч бала каза болуп, 180ден ашууну жарадар болгон.

ФСБнын маалыматы боюнча, 11 шектүү, анын ичинде терактка түздөн-түз тиешеси бар төрт адам кармалган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх