Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Раим Матраимов менен бирге анын үч бир тууганы да Бишкекке алынып келинди - видео

Матраимовдун өзүнө эки кылмыш иши козголгон

УКМК төрт бир тууган Матраимовду - Райымбек, Тилек, Руслан жана Исламбекти кармады. Бул тууралуу бүгүн аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, 25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду кармалды.

Райымбек Матраимовду Кыргызстанга алып кетишти. Аны менен бирге бир туугандары: Тилек, Руслан жана Исламбек кармалып, Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген.



“Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Көлбаев (Камчы Асанбек) менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси – “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана 222-беренеси – “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Райымбек Матраимов Азербайжандын баш калаасы Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилгени белгилүү болгон.

2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.

Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

Январь айында УКМК Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх