Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда аялы күйөөсүн өлтүргөн деп шектелүүдө

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Жалал-Абадда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 25-март күнү саат 21.55те батирлердин биринде бычактан алган жаракатынан улам бир адам каза болду деген чакыруу түшкөн.

Окуя болгон жерге келген укук коргоо кызматкерлери өзгөчө кырдаал болгон жерди текшерип, адам өлтүрүлгөн куралды табышкан.

Адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү катары маркумдун жубайы 1973-жылы туулган Л.С. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Түгөйлөр 2012-жылдан бери чогу жашашканы, маркум 52 жашта экени аныкталды. Кырсык болгон күнү алар чогуу спирт ичимдиктерин ичишкен.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Фото: Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх