Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балыкчыда кызды сүзүп кеткен ИИМдин мурдагы жетекчисине козголгон иш токтотулду

Мурдагы милиция кызматкери камактан бошотулду

Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаевге карата козголгон кылмыш ишинин тараптардын жарашуусу байланыштуу токтотулду. Мындай чечимди Балыкчы шаардык соту чыгарды.

Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын жарашуусуна байланыштуу иш токтотулду.

Ошондой эле соттун чечими менен Бектур Осмонбаев өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Эскерте кетсек, 26-январда Балыкчы шаарында милициянын “Geely Monjaro” үлгүсүндөгү кызматтык унаасы 5-класстын окуучусун сүзүп кеткен. Кылмышкер окуя болгон жерден качып кеткен. Окуучу кыз реанимацияга жаткырылган.

Аймактык милиция кызматкери өз эрки менен бөлүмгө келген. Бирок кыздын атасы унааны Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бектур Осмонбаев мас абалында айдап жүргөнүн билдирген. Ал эми экспертизага участкалык инспектор болуп иштеген агасы Бекзат Казаков келген.

Осмонбаев менен Казаков кармалган. Аталган факты боюнча Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (байкабастыктан оор залал келтирген кылмыш ордунан качып кетүү ) жана 312-беренеси (Жол кыймылынын коопсуздугун бузуу) менен кылмыш иши козголгон.

Кийинчерээк сүзүлгөн окуучу кыздын атасы каршы арыз жазган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх