Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте чет элдик жаранды карактоого шектелген жаран кармалды - видео

Ага бир нече жолу учтуу нерсе менен сокку берип, тоноп кетишкен

Бишкекте чет элдик жаранга каракчылык кылган шектүү кармалды.

Борбор калаанын Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 21-октябрында милиция кызматкерлерине чет элдик жаран Х.Т. кайрылып, ошол эле күнү саат 06:00дөр чамасында Ибраимов көчөсүндө белгисиз адамдар ага кол салышып, көптөгөн жаракат кылып, 45 миң сом жана 200 кытай юанын алып, андан соң качып кеткен.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары бир нече жолу ар кандай кылмыштарды жасаган 26 жаштагы А.Ч.ны аныктап, кармалган. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх