Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кочкор-Атада кармоо учурунда шектүүнүн баласы спецназга кол салды – видео

Шектүү бир нече жолу суракка чакырылган, бирок ал аларга көңүл бурган эмес

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында шектүүнү кармоо учурунда анын уулу спецназдын кызматкерлерине кол салган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, буга чейин милиция кызматкерлерине жеке күзөт кызматынын кызматкери кайрылып, 4-март күнү саат 09.30да 6 адам ага таш, кирпич ыргытып, таяк менен сабап салышканын билдирген.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири 40 жаштагы Н.С. бир нече жолу суракка чакырган, бирок ал аларга көңүл бурган эмес.

27-мартта Н.С. аттуу жаран Кочкор-Ата шаарынан кармалган. Кармоо учурунда ал каршылык көрсөткөн. Кошумчалай кетсек, анын 18 жаштагы уулу спецназдын кызматкерлерине кол салган.

Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Н.С. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда, деп кошумчалады РИИБ.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх