Ысык-Көлдөгү коркунучтуу кырсыктан үч адам каза болду - видео
Микроавтобус менен Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматтык унаасы кагылышкан
Ысык-Көл облусунда болгон коркунучтуу кырсыктан үч адам каза болду.
Кырсык бир күн мурун Чырпыкты айылында болгон. Микроавтобус менен Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматтык унаасы кагылышкан.
ЖМКлардын маалыматына караганда, кырсыктын кесепетинен айдоочу, Ысык-Көл райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери жана анын күйөөсү каза болгон. Дарыгер Чолпон-Атадан Балыкчыга жолугушууга бара жаткан. Маркум 52 жашта болсо, анын 26 жылын саламаттыкты сактоо тармагында иштеген.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз