Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын тургунунун iPhone XR үлгүсүндөгү телефонун кичи автобуста уурдап кетишкен

Сериялык чөнтөк уурулукка шектүү кармалды

Бишкекте дагы бир чөнтөк ууру кармалды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 25-февралда милицияга шаар тургуну кайрылып, ошол күнү Совет жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобуста анын күрмөсүнөн 62 миң сомдук iPhone XR үлгүсүндөгү телефонун уурдап кетишкенин билдирген.

Уурулук боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон 2001-жылы туулган О.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Кармалган жаран башка уурулуктарга да тиешеси бар экени аныкталган.

Жабырлануучулард төмөнкү телефондорго байланышса болот: 0706 102 102, 0705 310 931 же 102.

Сүрөттү Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх