Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада автобустун жүргүнчүсү транспорттун кызматкерине кол салды

"Коомдук транспорттун кызматкери бетинен жаракат алды"

Бишкектеги №169 автобуста жүргүнчү транспорттун кызматкерине кол салганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, окуя бүгүн болгон.

«Жүргүнчүлөрдүн бири агрессиясын көрсөтүп, транспорттун кызматкерине карата адам кабыл алгыс сөздөрдү айта баштаган. Жүргүнчү жол кире акысы тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан. Кырдаал сүйлөшүүнүн чегинен чыгып, коомдук транспорттун кызматкерине күч колдонуп, кол салууга чейин жеткен. Жүргүнчү кызматкерди бетке бир нече жолу сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кол салуунун натыйжасында коомдук транспорттун кызматкери бетинен жаракат алган. Учурда алган жаракаттарынын оордугу медициналык текшерүүлөрдүн жардамы менен аныкталып жатат», - деп билдирди мэрия.

Укук коргоо органдары кол салган адамды издеп жатат.

 

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх