Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен эки адам жабыркады

Өспүрүм менен аял ооруканага жаткырылды

Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен эки адам жабыркады. Маалыматты Тез жардам борбору тастыктады.

Алардын айтымында, Киев көчөсүндөгү чатырдан темир барак 14 жаштагы өспүрүмдүн үстүнө кулап түшкөн. Жамбаш сөөгүнүн ортоңку үчтөн бир бөлүгүнүн сынганы, ийин сөөгүнүн сынышы, баш мээнин жабык жаракаты, маңдай бөлүгүнүн көгала жаракаты диагнозу менен ооруканага жаткырылды.

Ошондой эле, Щербакова жана Элебесова көчөлөрүнүн кесилишинде 41 жаштагы аял башкарып бара жаткан унаанын үстүнө бак кулаган. Жабырлануучу баш мээсинин жабык жаракаты, баш мээси чайкалган деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.

Бишкек шаарынын мэри шаарга өзгөчө кырдаал киргизди.

Жарандар борбор калаада үйлөрдүн чатырларын учуруп, бактарды кыйган катуу шамалдын кесепеттерин чагылдырган фото жана видеолорду бөлүшүүнү улантууда.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх